Жогорку кеңештин “Республика-Ата-Журт2 фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев ички иштер министри Улан Исраилов парламентти тоготпой, жыйынга келбей жатканын айтып, министрдин мындай мамилесин өкмөт жетекчилиги карап, тиешелүү чара көрүүгө тийиштигин билдирди. Зарылбек мырза Ички иштер министрлигине байланыштуу кандай маселе болбосун ал жерге министрдин орун басары гана келип жатканын баса белгилеп, министр бул маселелерди чечкенге же бул суроолорго өзү жооп бергенге кудурети жептпейби деп ачууланды. Ырасында, Исраилов министр болгону эч нерсе кылганга жараган жок. Бүт маселени орун басары Данияр Абдыкаров чечип жатканы көптөн бери сөз болуп келет.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ