“Экс-президент Алмаз Шарешенович 2015-жылы Баткен облусунун Самаркендек айылына барып, эл менен жолугушканда эл таза суунун жоктугуна арызданышкан, ошондо Алмаз Шаршенович элге “таза сууну киргизип беребиз” деп убада кылды эле, ошол бойдон ал убада аткарылбай калды, эл дагы эле таза суусу жок олтурат”, – деп билдирди бүгүн, 25-январда КСДПчы депутат Карамат Орозова Жогорку Кеӊеште калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жөнүндө өкмөттүк саат учурунда вице-премьер Дайыр Кеникеевге суроо узатып.
“Буйруса болот, дагы 15 айыл өкмөтүнө таза суу пландаштырып жатабыз”, – деп жооп берди КР архитектура жана курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ