Menu

Турсунбек Бейшенбеков, журналист: “Бир атадан тараган кыргыз элин “аркалык-оштук” деп бөлгөн бузукуларды көп байкайм”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-февралда журналист Турсунбек Бейшенбеков Facebook социалдык тармагындагы өз баракчасына жаңы пост жазып, анда Акыл Нарын деген ат менен белгилүү атамбаевчил колдонуучунун “Оштук мыркымбайлар президент боло алышпайт экен да. Кудалашып кетет экен. Анан кубалашып кетет экен. Кечиргиле, чындык бул” деген  мазмундагы постуна комметарий берди:

“Интернеттеги социалдык тармактарда элди бөлүп-жарган жасалма аккаунтта олтурган бузукуларга катаал жаза берилип, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралып жатыптыр. Бул абдан туура жана учурдун эң керектүү талабы деп эсептейм. Кыргызстан ансыз дагы алакандай мамлекет. Экономикалык жактан жарды өлкөлөрдүн катарына киребиз. Эмне үчүн жардыбыз? Ынтымагы жок үйдө – ырыскы болбойт дегендей, бөлүнүп-жарынып, бири-бирибизге акаарат айтып жүрө берсек, бизге ырыскы келеби? Албетте жок. Бир атадан тараган элди, айрым кутумчулар бөлүп-жарып, интернеттин жардамы менен уруштуруп, «аркалык-оштук» деп кайраштырганды көп байкайм. Чыныгы кыргыздын душмандары ушул бузукулар. Мындай наадандардын чакырыктарына көңүл бурбай, алардын чагымчыл жазган маалыматтарын тийиштүү органдарга жиберели. Коомду мына ушинтип өзүбүз тазалабасак болбойт. Мисал үчүн, мен бул фэйк аккаунттун жазганын мисал катары көрсөткүм келет. Сиздер дагы бузукулук менен жазылган посттордун ээлерин минтип ортого салууңуздарды сунушайтам. Келгиле ынтымактуу бололу!”

Турсунбек Бейшенбеков, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: