Menu

Каныбек Жолчубеков дүйнө чемпиону болду

Бөлүшүү:

Түркиянын Чорум шаарында жалпы күрөш боюнча студенттер арасында дүйнөлүк чемпионат аяктады. 59 килограмм салмак ченинде Каныбек Жолчубеков алтын медаль жеңип, ушуну менен экинчи ирет студенттер арасында дүйнө чемпиону наамын жеңип алды. Дагы бир грек-рим балбаны 75 килограмм салмак ченинде Эсен Асанов атаандаштардын баарысын багынтып чемпион аталды. Ушул эле мелдеште коло медалды алып, татыктуу 3-орунду багынткан балбандардын арасында Улукбек Жолдошбеков, Эламан Догдурбеков жана кыз балбаныбыз Мадина Надированы айтпай койбосок болбойт. Бул балбандар келечекке үмүт арткандардын алдыңкы сабында турушат. Эске сала кетсек, студенттер арасында жалпы күрөш боюнча дүйнөлүк мелдешке 26 мамлекеттин балбандары катышты. Анын ичинде эң күчтүү делип Иран мамлекетинин бука моюн, буура сан балдары болгонун айтып коюш керек.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: