Бишкекте жергиликтүү тургун өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу кечээ, 6-сентябрда Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-сентябрда таңкы саат 5:00 чамасында Эркиндик бульварынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн такташкан. Ал 1996-жылы туулган М.М. болуп чыкты.
Баланын денесиндеги тышкы экспертизанын жыйынтыгында денеге зыян келтирүү белгилери жана зордук-зомбулук менен өлүмдүн изи табылган жок.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ