Menu

Кадамжайдагы селге байланыштуу ыкчам штаб иш алып барууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Кадамжай районундагы сел жүргөн аймактарды кыдырды. Ага улай жеринде ыкчам штаб дагы өткөрдү.

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жергиликтүү калк менен жолукканда, сел кесепеттерин жоюу аракеттерине керектүү күч, техника жана күйүүчү май жетиштүү экендигин, селден кийинки абалды калыбына келтирүү жумуштары тынымсыз жүргүзүлөөрүн баса белгиледи. Мындан тышкары селден улам турак жайына зыян келген жарандарга дагы жардам көрсөтүлөөрүн катуу убада кылды. Өзгөчө сел турак жайын толугу менен агызып кеткен Жоокесек участкасындагы Медетбек Аскаровдун үй-бүлөсүнө өзүнүн резервдик фондунан жана башка булактардан дагы кошумча жардамдар берилээрин жар салды.

Мындан соң Абиш Халмурзаев Баткен облустук жана Кадамжай районунун жарандык коргонуу комиссиясынын катышуусунда ыкчам штаб өткөрдү. Өкмөттүн өкүлү өз кезегинде селдин кесепеттерин жоюу, жабыркагандарга ыкчам жардам берүү, электр жарыгы, таза суу, сугат сууну кечеңдетпестен берүү жаатында тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Айтмакчы, Кадамжайдагы селден чукул арада таза суу берүү максатында ушул тапта жараксыз кейипти кийген суу түтүктөрү тегиз алмаштырылып жатат. Муну үчүн керектүү материалдар жана техникалар дээрлик жетиштүү.

Ошентип, Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев тийиштүү жетекчилерге авариялык абалга келген көпүрөлөрдү токтоосуз калыбына келтирүүнү тездетип, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан аймактарда жарандардын коопсуздугун туруктуу камсыз кылууну дагы буюрду.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: