Menu

“Кырк чоро” түштөн кийин эсине келдиби?

Бөлүшүү:

8-марттагы «гейлердин» жүрүшүнө каршы чыгат деген «Кырк чорону» көпчүлүк жабыла колдоп жаткан, эртеси аларды гүл менен тосуп алганын көрүп жерге түкүргөнгө туура келди.

Андан көрө үйүндө отурса бир топ кадыр-барк топтомок экен. Кыргыздын салтын бузган «кызтекелерге» эмне үчүн гүл берди деп каргап-шилебеген адам калбады. Кызыгы, «көсөөнүн акылы түштөн кийин» же «жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап» дегендей «кыларын кылып, кыл жип менен бууп» алгандан соң тынч отурбай бетине тырмак салып, бүгүн мэр Азиз Суракматовдун отставкасын талап кылышат имиш. Муну бирикменин лидери Замирбек Көчөрбаев ачыктап: «Эмне үчүн мэрия 8-мартта «Бишкек феминисттик демилгелер» кыймылынын жүрүшүнө уруксат берет? Алар аялдардын укугун
коргойбуз дешип, ЛГБТ коомчулугунун да жүрүшүн өткөрүштү» деди. Эртерээк ойгонушпайбы десең…

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: