Menu

Матрезерв фондунун экс жетекчиси Жумабековго 27 млн.доллар боюнча кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура Мамлекеттик материалдар резерв фондусунун мурунку жетекчиси   Жоомарт Жумабековго кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратуранын басма сөзү бул боюнча маалымат таратты. Ага 304- 306-189 деген оор беренелер менен кылмыш иши козголгон. Себеби, Жумабеков директор болуп турган кезде, тагырагы 2016-жылдын 3-февралында кызмат абалынан пайдаланып, “Мамлекеттик сатып алуулар” боюнча мыйзамдын талаптарын аткарбай, өзүм билемдикке барып, тендер өткөрбөй туруп Өзбекстандан жер семирткич сатып алуу боюнча Өзбекстандын АО «F.о.» деген компаниясы менен 140 миң тонна жер семирткичти 27, 4 млн. долларга сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Мындан тышкары, ошол жер семирткичтерди Латвиянын “Е.М. L.P.» аттуу компаниясы менен Өзбекстандан Кыргызстанга кымбат баада ташытып алып келген. Өзбекстандын АО «F.о.» компаниясына 2016-жылдын 25-февралынан 29-июнуна чейин 25 миң 704 тонна жер семирткич үчүн 379 млн. 651 сом которулган. Ал эми Латвиянын жер семирткичти ташыган компаниясына 18 млн. 472 миң сом төлөнгөн. А, негизи талапка ылайык 10 млн. 662 млн. сом төлөнүшү керек эле. Ошондо ортодо 7 млн 810 миң сом ашык төлөнгөнү ачыкка чыккан.

Жумабеков мындан башка өзү жетектеген фонддогу мамлекет элге таратып берип жаткан ондогон тонна унду курттатып, ошол бойдон таратып жатканда биринчилерден болуп “Багыт” гезити жазып чыгып, бул маселе коомчулукта чоң талкууга алынган. Ошондой эле Багыт гезити Жумабековдун жогоруда жазылган жер семирткич боюнча, кафе маселеси ж.б. тууралуу коррупциялык иштерин 2 айга сандан-санга жазып турган. Андан соң Жогорку Кеңештин депутаттары да кийлигишип, акырыр комисия түзүлүп, ушундай чуулгандуу, кылмыштуу иши менен кызматтан алынган.

Булак: Багыт 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: