Menu

Кызыктар али алдыда…

Бөлүшүү:

Парламенттен жылуу орунга ээ болуп алган 120 депутаттын баарынын телегейи тегиз дештин өзү апырмалуу болуп калат. Эки чакырылышка тең катуу жармашып келаткан депутаттардын жаңылардан бир канча айрымасы бар. Тебишкен анан кайра жарашкан мурдагы эл өкүлдөрүнүн жоругуна кабылып калбоого аракет катуу көрүлөт. Бирок, турмуш деген баары бир түркүн түстөгү окуяларга айрымдарын чалдыктырат турбайбы.

Интригалык оюндарды ырбатууга ашык болгон кээ бир оңчулдар, кээде солчулдар парламенттеги “жашыруун” сырларды деле ачык таратып жиберип, айрымдардын абийирин айрандай төктүрүп салып жатканы эмнеден? Чокчолой баатыр делген эпчилдерге дене дүргүткөн маалыматтарды кайсыл булактан берип жатышканын билгиңер келеттир? Анда эмесе угуп алгыла так ошол ак үйдүн булуң-бурчтарынан токулуп ийрилген сонун маалыматтар акыры элге тарабаганда кантмек эле?

Эгерде Чыныбайдын “фокустарын” жайылтууга убагында чара көрүлгөндө ал дагы деле спикер болуп отура бермек. Көзү барда бирди айтып, бурулганда тескери кебин ушаткандар болгон үчүн шефке ич ара төгүлгөн сырлар жеткирилген да? Анан калса сьездде “баатырсынган” Чыныбай Чирке тоюс Акуновичтин терисин тысырайта сыйрып салууга туура келди окшойт. Биз колдоп беребиз деп тыңсынган депутаттар кийин куйругун кыпчып безишти го. Көрсө жакасы бөлөктүн жаны бөлөк деген кептин чындыгы бар экен. Азыр Чыныбайды мурдагыдай тегеректеген эч ким жок. Антсе эле шыбыш кеп заматта керектүү кишиге жетет. Ошондуктан тизмеге кирсем болот эле деп элеңдеген “азаматтар” ашыкча кепшебей турууга аргасыз. Башкаруучу партиянын ичинде саясат деген шакардай кайнап турган убагы. Анткени үлкөн тагдырды чечүүчү сьезд болгону калды. Кимдин аласын ачып жиберишип айласын кетирер экен деген санаа баарында бар. Керек болсо таптакыр мурда саясатта байкалбаган жаңы каармандар пайда болушу да мүмкүн. Бул партиянын биринчи адамынын кыймыл-аракетине байланыштуу болорун деле айтып коелу.

Айрым маалымат каражаттары коррупцияга шектүү делген көпөстөрдүн, атка минерлердин тизмесин чыгарып жиберишти. Алардын арасында азыр бакыйып депутат болуп отургандар да бар. Минтип жүрөгүн опкоолжутуп койгондун кандай жөнү бар болду экен? Аны божомолдоого башыңды оорутпай койсоң деле болот. Ошолор кыңк-мыңк этип нааразы болсо, артыңды тазала, анан сүйлөшөбүз деп коюшат билермандар. Бакандай, балтадай, керкидей болгон кишилерди көрүүгө болот шектүү тизмеден. Суудан дайыма кургак чыккан И. Пирматов, А. Жапаров, Чудинов, А. Салянова, Исаков, Шыкмаматов, К. Исаев дегендердин ишпалдасы качан чыгарына күч түзүмдөрү жооптуу экенин жамы журт билет. Эмки чакырылышта чамасы буларды көрбөй калышыбыз ыктымал парламенттен. Анткени лидерлердин тандоосуна мындан ары катуу көзөмөл жүргүзүлөт. Ап эткич, өз камын көрүүгө жанталбас кылган лидерлердин өтө шойкомдуулары өзүнүн “арабаларына” илешип сапарын улантканы жалганбы?

Арийне, бири-бирин мурунга черткиси келген тың чыкмалардан да уучубуз кур эмес. Төрдө отургандарга кашыттагылар кээде тиш салууга умтулушат. Ал полемикаларды заматта сайттарга, телеге берип жиберчүлөр даяр. Анан эки жаат болуп ошол бет көөлөмөйдү коштогондор табылат. Опоо тигил депутатты мына бул кайбар туңгуюгукка кептеди го, Капашович азамат экен мурдунан лампичкесин чыгарды деп жааламай, жөөлөмөйлөр толуп кетет. Ортодон чыга калгандар окуянын чоо-жайына түшүнбөй эле өзүнчө билерман болгонуна не дейбиз? Даңгыттарды колдогондор бир тарап, Маңгыттарга боор тарткандар экинчи тарап болуп айтышкан акыйнектер көпкө дагы созулат. Кызыкка баткандар болсо дагы кызыл чеке болуша берсе сонун болот эле деп чебелектейт. Антсе да мурдагы чакырылыштагыдай ысылык анча көтөрүлө элек.

Кызыкчылык туудурган козутмаларды табууга шымаланган жазмакерлерибиз да жок эмес. Алар керек болсо кейрейген каармандарды ар кандай кепке салып кызытып отуруп өзүнө керектүү “шилтемелерди” тигинин оозунан чыгар замат көчүрүп алат. Анан билмексен болуп коомчулуктун “казанына” салып жиберип мазза кылып отура берет. Тигил жакта болсо “көгала” болгон “каармандар” бирин-бири желкелеп, күйүп, бышып депрессияга учурашат. Баарынан да ошентип айтканың чын беле десе, башкы каарман тигилериң(журналисттер дегени) ойкелди урдура беришет экен деп актанып кирет. Бирок деген жери бар, ал кепти бышырган жазмакердин колунда былк эттирбес фактысы бар. Зарыл болгон жерге анысын көтөрө чаап алдыга таштап коет. Кокуй, муну экспертизага текшертиш керек, бул деген жасалма деп актанып калууну далай көргөнбүз.

Ошентсе да бир нерсени кыпчый кетели. Адамда “ашказан философиясы” деген болот. Ошону тоюндуруш үчүн ар түркүн амалдар ишке киргизилет. Ал эми бирөөнүн быкыйын чукутуп, экинчисине айыгышкан душман кылууну көздөгөн жазмакердин колун балта кеспейт бирдемке алса деле. Кимиси март болсо ошонукун кылгырып коюп шыпыра берүүгө биротоло көндүм болгон. Ошол үчүн капчыктуу чоңдорду, эпке тез келчү эрендерди аңдып жүрүп тузагына түшүрөт. Эми бул Камчыбек Жолдошбаевге таандык сөз экенин деле айта кетүүбүз кажет. Спортко көңүл бурган кишинин саясатка келүүсү опурталдуу. Саясаттын тишин чагууга кудурети жеткен кыйындар деле тилинен чалынып каларын турмуш эчен ирет тастыктап бербеди беле? Негизи тил деген жумшак, кайсыл жакка сунсаң кете берет. Тилекке каршы досту душман, касты бир тууган кылган да тил. Ошондуктан элдин тагдырына күйөм, пайдалуу мыйзамдарды токуп берем, таза жүрүүгө үндөйм деп ант берген депутаттар крутой машине минбесе деле башкаларга үлгү болсо кана атаганат! Турмуш бир орунда тура бербейт. Кызыктар дагы кайталанарын бөркүбүздөй эле көрө берели…

Булак: Ачык сөз

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: