Menu

Тажик делегациясы Ташкентте Мирзиёевдин мамлекеттик сапарын талкуулоодо

Бөлүшүү:

Тажикстан премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган өкмөттүк делегация Ташкентке барды. Алар Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга жасала турган алгачкы мамлекеттик сапарына даярдык көрүшөт.

Өзбекстан тышкы иштер министрлиги 4-февральда эки элдин өкмөт мүчөлөрү президент Мирзиёевдин сапарын гана эмес башка олуттуу маселелерди дагы талкуулашарын маалымдады.

Мирзиёев Душанбеге жаз алды менен барат.

Өткөн айда өзбек премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегация Тажикстанда болгон. Өзбек өкмөт башчысын тажик президенти Эмомали Рахмон кабыл алган.

Душанбеде Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык тууралуу өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи отуруму өткөн.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: