Menu

УКМК: Издөөдө жүргөн ЭТУ согушкери кармалды

Бөлүшүү:

2019-жылдын 20-апрелинде КР УКМК тарабынан КР аймагына эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана согушкерлердин кирүүсүнө бөгөт коюуу боюнча өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргеликте Сириядагы ЭТУ согушкери деп шектелип, издөөдө жүргөн 1991-ж.т. КР жараны “А.у.А.” кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгын боюнча, кармалган адам 2016-жылы эл аралык террористтик топко кирип, Сирия аймагындагы диверсиялык даярдыктан өтүп, согуш аракеттерине катышып келгени аныкталды.

2018-жылдын ноябрь айларында аталган А.у.А. ЭТУ башчыларынын тапшырмасын алып, колго жасалган жардыргыч заттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу менентеррордук чабуулдарды ишке ашырууну көздөп, жашыруун ячейка түзүү жана Сириядан согушкерлердин келүүсүн күтүп Борбордук Азия өлкөлөрүнөн “куралдуу жихад” жүргүзүү максатында
Сирия аймагынан келген.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын УКМК Башкы тергөө башкармалыгы КР Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (КР жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

Кармалган адам КР УКМК тергөө-камак жайына киргизилди. Мындан аркы тиешелүү комплекстүү ыкчам-тергөө жана издөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: