Menu

Салыкчыны бирөөнүн аялына аңгилик кылам дегени үчүн иштен айдашты

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 3-октябрынан 4-октябрына караган түнү Оштун Кара-Суу базарында район тургуну Эркин Алмакеев түн ичинде соода контейнериндеги таштандыларды жыйнап жаткан маалда жубайына Ариет аттуу ошол райондук салык кызматкери кол салып зордуктоого аракет кылганы, арачыга түшкөн Эркинди мас абалындагы салыкчы балдарды чакырып келип көк ала койдой сабап салганы айтылган эле. Эртеси Кара-Суу райондук ооруканасынан жаракаттарын таңдырып, бир көзү жакшы көрбөй жатканына карабай үйүнө чыгарылган Эркиндин РИИБге жазган арызы да канааттандырылбай, эки  күндөн кийин араң иш козголгону маалым болгон. Ушундан улам салык кызматынын төрагасы Замир Осмонов тарабынан комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү жүргүзүлдү. Жыйынтыгында буга чейин эки тарап элдешип, жабырлануучу тосмо арыз жазганы белгилүү болгон. Бирок салык кызматынан түзүлгөн комиссия мындай жүрүм-туруму аркылуу мамлекеттик органга көлөкө түшүргөн кызматкерин жумуштан алды. Албетте тартип бузуп, бирок кайра элдешип алып мамлекеттик кызматка иштейм дегендер терең жаңылышат. Мындай учурда жумуштан алуу башка кызматкерлерге да сабак болот.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: