Тажикстандын Хатлон облусунун аскер прокуратурасынын жанындагы жардырууга байланыштуу Курган-Төбө шаарында ата-бала – Зокир Файзихуджаев менен Шарифжони Зокир кармалды.
2017-жылы 12-мартта Курган-Төбөдөгү аскер прокуратурасынын жанындагы жардыруудан 67 жаштагы киши курман болгон. Тажикстан ИИМи маркум технологиялык лицейде кароолчу болуп иштегенин, мурда соттолбогонун кабарлаган.
Хатлон облусунун прокуратурасы жардырууга байланыштуу “терроризм” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн атайын тергөө тобу түзүлгөн.
Шектүү катары кармалган ата-бала учурда камакта. Аларга карата терроризм боюнча айып тагыла элек.
Зокир Файзихуджаев буга чейин жүк ташуучу унаа айдап иштеген, баласы күнөсканада жер-жемиш өстүрүп, үй-тиричилиги менен алектенип келген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ