АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Москвага келди. Анда ал Орусиянын бийлик өкүлдөрү менен Сириядагы жагдайды талкуулайт. Расмий сүйлөшүүлөр 12-апрелге белгиленген.
Шейшембиде Тиллерсон «Чоң жетиликке» мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында сүйлөп жатып, Орусиянын Башар Асад, Иран жана «Хезболлах» радикал тобу менен өнөктөштүгү Москванын стратегиялык кызыкчылыктарына туура келбей тургандыгын билдирген.
Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер Орусияны Асадды колдоону токтотууга чакырышып, бийликте Башар Асад турган кезде Сирия жаңжалын чечүү мүмкүн эмес экендигин белгилешкен.
Күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп менен Британия премьери Тереза Мэй Асаддын режимин колдоодон баш тарттырууга Орусияны дагы бир ирет көндүрмөкчү болгон Тиллерсондун сапарынын ийгилигине үмүттөнөрүн билдиришкен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ