Menu

Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Азыркы премьер өмүр бою бирөөлөрдүн жетегинде жүргөн, өз алдынча маселе чечпеген кадр”

Бөлүшүү:

– Кырдаал кыйындаса эле “өкмөт отставкага кетет”- деген маселе жаралат. Өкмөт башчылык кызматка адискөй адамдар келбеген үчүн ушундай маселе жаратып жатабы же алар туура багытты тандай албаганы үчүн ушундай абалга кептелиштиби?

– Бизде мунун эки себеби бар. Биринчи системалык түрдө мамлекетти туура эмес башкаруу жолу. Экинчиси, адам фактору. Системалык болгондо президенттик бийлик үстөмдүк кылып, башка бийлик бутактары өз алдынча иштегенине шарт түзбөйт. Алар жолтоо болуп үйрөнүп калган. Биздин саясий система боюнча президент баарын башкарат, бирок, эч нерсеге жооп бербейт. Калган бийлик бутактары өкмөттү айта турган болсок эч качан өз алдынча маселе чече албайт. Себеби, президенттен коркот. Президенттин колунда укук коргоо органдарынын баары бар. Өкмөт өз алдынча иштегенге президент да, анын кол алдындагы укук коргоо органдары да шарт түзбөйт.

– Ошон үчүн өкмөт 6ашчы алмашса деле маанилүү өзгөрүүлөр болбой жатабы?

– Кыргызстанда бардык мамлекеттеги кадр саясаты, бардык система президентке такалгандыктан президенттик институт күчтүү өкмөт башчынын келишине кызыкдар эмес. Президент өзүнүн айтканына чыкпаган өкмөт башчынын келишин каалайт жана ошондой кадрга токтолот. Анткени, өкмөт башчы күчтүү боло турган болсо, президентке тиш кайрай баштайт. Ошондой эле өз алдынча иш алып барып, саясатта кадыр барка ээ болуп, өзүнчө саясий фигурага айланып кетүү коркунучун жаратат. Ошондуктан президенттик институт өкмөт башчыны дайыма алсыз, жараксыз айтканынан чыкпаган, өз алдынча иш кыла албаган адамдарды алып келет.

– Мухамедкалый Абылгазиевдин да колу-буту тушалган үчүн маселе чече албай жатабы же ал жеринен эле өз алдынча маселе чече албаган адамбы?

– Абылгазиев президенттин айтканынан чыкпаган, ансыз бир да маселе чече албаган өкмөт башчы. Ал юридикалык жактан премьер-министр болгону менен факт түрүндө президенттин гана жардамчысы. Ал өз алдынча саясий фугура, өз алдынча күчтүү премьер-министр эмес. Бул биринчиси. Экинчиси, Абылгазиевдин өмүр баянын карай турган болсок, ал өмүр бою бирөөлөрдүн жетегинде жүргөн, бирөөлөрдүн айтканынан чыкпаган, өз алдынча маселе чечпеген кадр. Өкмөт башчы болсо да, ошол мүнөзү, басып өткөн жолу анын азыркы ишине кедергисин тийгизип жатат. Өмүрүндө маселе чепеген, өмүрүндө баш көтөрбөгөн адам экенин анын ар бир аракети далилдеп жатат.

Ошондуктан, азыркы өкмөттүн эч кандай көз карашы, мүнөзү жок өкмөт болуп эсептелет. Бул өкмөт экономиканы көтөрө албайт, саясий маселелерди чече албаган кадыр баркы жок, мамлекетке инвестиция тартып келгенге мүмкүнчүлүгү жок алсыз өкмөт болду. Ошондуктан азыркы өкмөттөн чоң нерсе күтүү акылсыздык болот. Кырдаалдан чыгыш үчүн айла жок айыппулдарды көтөрүп, салыктарды жогорулатуу менен алек болуп жатат. Анткени, акчаны кандайдыр бир жол менен элден алып, мамлекетке киреше кылууга аракет кылууда. Негизи, Абылгазиев жана анын командасынын мүмкүнчүлүгү ошого гана жетет.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: