Menu

«Жерүй: кѳйгѳйлѳр жана чечүү жолдору» аталышындагы тегерек столдун резолюциясы

Бөлүшүү:

2020-жылдын 14-январында «Жерүй: кѳйгѳйлѳр жана чечүү жолдору» аталышындагы тегерек стол ѳттү. Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаты, кѳрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, эксперттер, жарандык активистер, Талас облусунун тургундары, кайдыгер эмес жарандар катышты. «Кыргызалтын» ААКнын жетекчиси, КР Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасы чакырылган, бирок келишкен жок.
Тѳмѳнкү маселелер талкууга алынды:
– 2015-жылы Жерүй алтын кени боюнча ѳткѳн конкурстун мыйзамдуулугу жана адилеттүүлүгү;
– Жерүй алтын кениндеги Кыргыз Мамлекетинин үлүшү;
– Жер казынасы жѳнүндѳгү мыйзамга ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү;
– Жана башка ар кыл маселелер
Тегерек столдун катышуучулары окулган баяндамаларды, катышуучулардын пикирин угуп, талкуулап,
– Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековдун тоо-кен тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү аракетин колдоп,
– Жерүй алтын кени мурунку бийликтин ѳкүлдѳрүнүн учурунда Кыргыз элинин, Кыргыз Мамлекетинин кызыкчылыгына каршы шарта берилгенин баса белгилеп,
– 2015-жылы Жерүй алтын кени боюнча ѳткѳн конкурстун мыйзамдуулугу жана адилеттүүлүгүнѳ укуктук баа берүүгѳ муктаждыгын баса белгилеп,
– Жерүй алтын кенинде Кыргыз Мамлекетинин үлүшү жоктугун чыккынчылык деп баалап жана коррупциянын элементтери бар экендигине ынанып,
– Жер казынасы мыйзамынын мүчүлүштүктѳрүн эске алып,
– экология жана коопсуздук, түзүлгѳн фонддордогу каражаттын сарпталышы Талас облусундагы жергиликтүү тургундардын тынчсыздардыруусун жаратып жаткандыгын эске алып,
тѳмѳндѳгү сунуштарды тиешелүү бийлик бутактарына сунуштайт:
1. Кыргыз Республикасынын Президенитене, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине:

а) Жерүй алтын кенинде Кыргыз Мамлекетинин үлүшүн милдеттүү түрдѳ болушун камсыз кылуу

б) Жерүй алтын кениндеги экология жана коопсуздук маселесин, түзүлгѳн фонддордогу каражаттын сарпталышын, жумушчулардын укуктарын кѳзѳмѳлгѳ алуу

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен:

а) 2015-жылы Жерүй алтын кени боюнча ѳткѳн конкурстун мыйзамдуулугу жана адилеттүүлүгүн текшерүү максатында мамлекеттик комиссия түзүү. Курамын сөзсүз түрдө адис эксперттер, коомдук ишмерлер, жарандык активистер жана жергиликтүү тургундар киргизилсин.

б) Жер казынасы мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизип, мыйзамда тоо-кен тармагын иштетүүдѳ мамлекетин үлүшү милдеттүү түрдѳ болушун камсыз кыла турган беренелерди киргизүү
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына:
2015-жылы Жерүй алтын кени, жана баардык алтын кендер боюнча ѳткѳн конкурстардын мыйзамдуулугуна жана адилеттүүлүгүнө укуктук баа берүү
4. «Жерүй: кѳйгѳйлѳр жана чечүү жолдору» аталышындагы тегерек столдун резолюциясын элге тааныштыруу максатында Талас облусунда Элдик жыйын өткөрүлсүн.
5. «Жерүй: кѳйгѳйлѳр жана чечүү жолдору» аталышындагы тегерек стол уюштуруучуларына ыраазычылык билдиребиз, колдойбуз жана аларга карата укук коргоо органдары тарбынан болгон куугунтуктардын токтошун ѳтүнѳбүз.

Резолюция тегерек столдун катышуучуларыны тарабынан бир добуштан кабыл алынды.

Бишкек ш. 14.01.2020-ж.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: