Бүгүн, 2020-жылдын 19-январында АКШнын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында UFCсинин кезектеги турнири болуп өтөт. Эң башкы беттеш – UFCнин экс-чемпиону, ирландиялык Конор Макгрегор менен америкалык Дональд Сероне беттешет.
Конор Макгрегор – 31 жашта, эки салмакта (жеңил жана жарым жеңил) UFCнин мурдагы чемпиону. 25 таймашка чыгып, 21 жолу утуп, 4 жолу утулган. Бокс эрежеси боюнча бир жолу чыгып, Флойд Мейвезерге утулуп калган. Каймана ысымы – Чыр (Пресловутый).
Дональд Серроне – 36 жашта, 50 таймашка чыгып, 36 жолу жеңишке жетишип, 13 жолу утулган (1 беттеши эсепке алынган эмес). Каймана ысымы – Малчы (Ковбой)
Таймаш Бишкек убактысы боюнча эртең мененки саат 9:00дө башталат. Түз эфирди интернет булактарынан көрө аласыздар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ