Menu

Видео – Депутат Төрөбай Зулпукаров спикерге: “Парламенттеги мээси жетпегендер менин диниме, дилиме, элиме тийишип сүйлөп жатканда сиз тыйып коюшуңуз керек”

Бөлүшүү:

“Сизге, (Дастан Жумабеков) мен кайрылам. Ушундай жалган маалыматтар таркалып жатканда көңүл буруп койсоңуздар. Коронавирус Кытайдын Ухань деген шаарынан чыкканын дүйнө жүзү, акыл-эстүү адамдын бары билет. Бул Саудиядан чыккан жок, Ухань шаарынан чыкты деп, мээси жетпегендерге түшүндүрүп, айтып коюш керек” – деп билдирди бүгүн, 30-апрелде депутат Төрөбай Зулпукаров Ирина Карамушкинанын коронавирус бизге Сауд Арабиясынан келди, ал 12-марттагы рейсте Асылбек Жээнбеков да учуп келген экен, ал өзү менен кошо келген умрачыларды аэропортто текшерттирбей койгон деп айткан сөздөрүнөн кийин.

“Экинчиден, Жогорку Кеңештин депутаттары жөнүндө жалган маалымат таркап жатат. Анан дагы айтып коюш керек, мен билем, кээ бир депутаттар менин улутумду жаман көрсө, менин динимди жаман көрсө, андан кийин жалпы диндештерди, менин улутумду талкалаганга жол бербеңиздер. Кыргыздын калпагын, кыргыздын улуттук каада-салтын, анан адамдын жүрөгүндөгү эң ыйык сезимдер болот. Бул нерседен айланып өтүш керек. Кандай болсо дагы, айланып өтүш керек. Биз башка динди сыйлайбыз, башка улутту сыйлайбыз, а бул жерде диндерди бири-бирине карама-каршылыкка чакырып жаткан нерсе болуп жатат. Улуттарды бири-бирине карама-каршы чакырган ураандар чакырылган ушул жерде. Мындай болбойт, токтотуп коюш керек. Сиздерде регламент боюнча укук дагы бар. Ошон үчүн менин динимди жаман көрсө, биздин Кыргызстанда 87% мусулмандар жашайт кыргыздардан башка дагы. Качанга чейин чыдашыбыз керек? Мындай болбойт да. Анан кийин бул коронавирус менен бир динди жаман көрсөтүш керекпи? Же улутту жаман көрсөтүш керекпи? Сураныч, токтотуп койсоңуздар, сиздерде регламент боюнча кук бар” – деп билдирди Төрөбай Зулпукаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: