Бүгүн, 10-декабрдан тарта “Торугарт-автожолу – “Тургат-автожолу” өткөрүү пункттарында адамдардын, унаа каражаттарынын жана жүктөрдүн өтүүсү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.
Белгиленгендей, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүү кытай тараптын демилгеси менен техникалык себептерден улам токтотулду.
“Торугарт – автожолу – “Тургат – автожолу” өткөрүү пункттары эртең, 11-декабрда саат 9:00дөн баштап иштей турганы маалымдалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ