Menu

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бериле турган гранттык макулдашуулар боюнча мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жиберилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр секторун өнүктүрүү программасы (№ 50024-002 долбоору)” боюнча Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору 1-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Ратификациялык мыйзам долбоору боюнча КР билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков баяндама жасады.

Мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасында кесиптик-техникалык билим берүүнү бекемдөө максатында негизги саясий реформаларды колдоого жана ишке ашырууга багытталган. Аталган долбоордун алкагында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 30 млн АКШ доллары грант түрүндө каражат каралууда. Бул окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга, 5 окуу борборун тиешелүү жабдуулары менен кошо курууга жумшалат.

Мыйзам долбоору баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен 3 окууда добуш берүүгө жиберилди.

Мындан сырткары, КР экономика министри Артем Новиков баяндама жасаган “Бишкек шаарында 2017-жылдын 18-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Инвестициялык климатты жакшыртуу экинчи программасы – 3-программача жөнүндө” гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору дагы 3 окууда добуш берүүгө жиберилди. Мыйзам долбоору аркылуу Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бюджетти, чакан жана орто бизнести колдоого багытталган 25 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант берүү белгиленген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: