Ташкентте “Элдердин достугу монументи” композициясынын бир бөлүгү болгон “тебетейчен бала” табылды.
“Элдердин достугу монументи” скульптуралык композициясында темир уста Шоахмед Шомахмудовдүн үй-бүлөсү чагылдырылган. Ал жубайы Бахри Акрамова менен Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда 15 жетим баланы асырап алган.
“Тебетейчен баланын” табылышы менен бийлик композицияны толугу менен калыбына келтирди. Жеңиш майрамын утурлай эстелик Ташкенттин борборундагы “Достук” паркына кайрадан орнотулду.
90-жылдары айкелди калаанын четине жылдыруу учурунда анын бир бөлүгү жоголуп кеткен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ