Дагы бир партия Борбордук шайлоо комиссиясынан мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзгөндүгү үчүн эскертүү алды. Бул тууралуу журналисттерге мекеменин басма сөз кызматынын кызматкери Руслан Изреков билдирди.
“Реформа” партиясы социалдык тармактарда программалык тезистер жана партиялык ураан менен видеолорду таратуу боюнча эскертүү алды. Ал эми үгүт иштери 4-сентябрда гана башталат. Буга чейин саясий уюмдар өздөрүн Интернетте же ММКда жарнамалабашы керек”, – деп түшүндүрдү ал.
Руслан Изреков кошумчалагандай, саясий бирикменин өкүлдөрү бардык видеолорду жана партиянын сайтына таянган шилтемелерди алып салууга убада беришкен.
Эскерте кетсек, буга чейин, “Бирик” партиясы эскертүү алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ