Menu

Москва олимпиадасына 40 жыл. Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова

Бөлүшүү:

Москва олимпиадасына 40 жыл

Быйыл  Москва олимпиадасынын 40 жылдык мааракеси учурдагы коронавирус жана пандемия илдеттеринен улам салтанаттуу белгиленбей калганы менен күйөрмандардын эсинде бекем сакталуу.  СССРдин курамындагы Кыргызстан дагы Москва олимпиадасында 5 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип, кыргыз спортунун эң бийиктигине жетишкен. Ошондуктан спорттук баяндамачы, жазуучу Кабыл Макешов  1980-жылкы Москва олимпиадалык оюндарында жылдызы жанып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиада чемпиондорубуз даңазалуу мерген  Александр Мелентьев, атактуу оор атлетчи Каныбек Осмоналиев,  белгилүү жеңил атлетчи Татьяна Колпакова,  ат спорт чебери Александр Блинов,  жөө күлүк Николай Чернецкий, марафондук жарышта коло медаль уткан дубанды жарган дулдул  Сатымкул Жуманазаров, фехтование мелдештерде күмүш байге уткан  Александр Абушихметов, олимпиада оюндарда байгелүү бешинчи орунду камсыз кылган Марина Сысоева спорттук тагдырлары, өмүр таржымалдары жана олимпиадалык бийиктиктери, спорттогу каармандыктары тууралуу  “Москва олимпиадасы-Кыргыз спортунун туу чокусу” аттуу китепти 3 ай мурда жазып бүтүп, каржы маселесинен улам жарык көрбөй турган эле. Кыргыз Республикасынын Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин директору, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Канат Аманкуловдун демилгеси менен бул китеп жакында жарык көргөнү турат.

Мындан 40 жыл мурда ушул күндөрү Москва олимпиадасынын жеңил атлетика мелдештери курч мүнөздө өтүп жаткан.  Кыргызстандык Татьяна Колпакованын жылдызы жанып, узундукка секирүүдө олимпиада чемпиону болгон. Бүгүн “Москва олимпиадасына 40 жыл” түрмөгүбүздөн былтыр 60 жашка толгон даңазалуу спортчу, олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова тууралуу очеркти назарыңыздарга сунуш кылабыз.

Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова

Москва Олимпиадасында жылдызы жанып, олим­пиада­нын алтын медалын тагынып, Кыргыз спортун дүйнөгө тааныткандардын бири Татьяна Алексеевна  Колпа­кова. Ал 1959-жылы 18-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунда төрөлгөн. Анын спорт менен машыгуусуна ата-энеси караманча каршы болушкан. Апасы Лидия Сергеевна Таняны «инженер болуп, илим-техника тармагына барса, мыкты өнөржайчынын бири болсо» деп тилек кылган. Ошондуктан спорт менен машыгуусун каалаган эмес. 12 жаштагы шыңга бойлуу, арык чырай Таня чуркоону жактырчу. Классташтарына салыштырмалуу шамдагай, ыкчам эле. Анын жөндөмүн байкаган машыктыруучу ата-энесине кайрылып, жеңил атлетика менен машыгуусун суранган. Атасы Алексей Иванович да алгач каршы болгону менен машыктыруучунун өтүнүчүнө макул болгон эле. Бул күн Таня үчүн майрамдай маанай тартуулап,жеңил атлетика менен 1973-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарындагы белгилүү устат Лев Матвеевич Эльтерманда машыга баштаган.  Устаты талапты катуу койгон, абдан тажрыйбалуу, кыраакы адис эле. Таня дагы балалык кылык-жоругунан бат арылып, баш оту менен спортко аралашып, тез эле алыска секирүүнүн сырларын үйрөнө баштады. Лев Матвеевич дагы Танянын жаратылыш берген шык-жөндөмүн байкап, анын шамдагайлыгын, ыкчамдыгын жана чыдамкайлыгын баалап, күн өткөн сайын чеберчилигин жогорулатып, такшалдыра берди.

1977-жылы СССР спорт чебердигине талапкер, 1978-жылы узундукка секирүү боюнча СССР спорт чебери талаптарын аткарып, союздук мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп, адистердин көңүлүн бурду. Улам жаңы бийиктиктерди багындырып, эл аралык турнирлерде өлкөнүн намысын татыктуу коргой баштады. СССР элдеринин VII Спартакиадасында дасыккан спорт чеберлери менен теңтайлашып, 6 метр 37 сантиметрге секирип, келечегинен үмүткөр кылып койду. Таня бул көрсөткүчкө алымсынбай, 7 метрге алыс секирүүнү эңсеп турду. Бир жыл өтпөй 6 метр 63 сантиметр аралыкты багындырып, өзүнө болгон ишеними артты. 1979-жылы СССР спортунун эл аралык чебери аталган.

1979-жылдын мартында ФРГда өткөн эл аралык мелдеште бешинчи орунга жетип, СССРдин олимпиадалык курама командасынын катарына кабыл алынган. Ошондон кийин иргеп алуу мелдештери Москва жана Ленинградда (Санкт-Петербург) өтүп, анда ал 678 см жана 683 см алыс секирип, үчүнчү жана экинчи орунга ээ болуп, ХХII Олимпиадалык оюндарга катышуу укугуна ээ болду. Кыз-келиндер арасында узундукка секирүү боюнча олимпиадалык рекорд -682 см болуп, аны 1968-жылы Мехикодо румын В.Вискополян жаңырткан. Кийин 12 жыл андан эч ким аша албай, 678-672 см менен олимпиада чемпиону болуп кетишкен.

Босогодо Москва олимпиадасы турган эле. Советтер союзунун бардык мен мыкты деген спортчуларынын тилеги өлкөнүн тандалма командасынын катарына кошулуу болчу. Таня да жөн жаткан жок. Бирок, тандалма командага кирүү татаал, машакаттуу болчу. Себеби, ошол учурда ворошиловграддык Татьяна Скачко менен москвалык Лидия Алфеева табында болуп, алардын көрсөткүчү  6 метр 84 сантиметрден ашып, менменсип турушкан. Ошондой болсо дагы үчүнчү тизмеде турган Таняга  Москва олимпиадасында багын сынап көрүш үчүн аны дагы тандалма команданын катарына кошкон эле. Алардан сырткары дагы Польша, Германия өлкөлөрүнөн дагы мыкты атаандаштары күч сынашканы турган. Алардын мурдакы мелдештердеги көрсөткүчтөрү Таняныкынан жогору эле. Алдыда Москва олимпиадасынын мыктыларын иргеп алуу мелдештери башталып, атаандашуу курч мүнөздө өтүп жатты. Украиналык Скачко биринчи секиргенде эле 12 жыл кебелбеген рекорддон ашык секирди. Татьяна Колпакова да биринчи секирүүдө эле 684 см аралыкты багындырып койду. Андан кийин ГДРдин өкүлү Б.Вуяк 688 см чекке жетти. Татьяна Скачко үчүнчү жолку секирүүдө 7 метр 01 сантиметрди ашып, алдыга озуп, лидерликти колго алып баратты. Татьяна төртүнчү жолу – 687 см жетсе, польшалык А.Влодарчик 688 см секирип, Татьяна төртүнчү орунга жылып калды. Бешинчи жолу секиргенде деле 673 см болуп, ийгилик күмөн эле. А.Влодарчик 695 см секирип, экинчи катарга көтөрүлдү. Анын көзүнө эч нерсе көрүнбөй, кулагына ызы-чуу да угулбай, «мен булардан ашып, алтын медалга жетүүм керек. Мен милдеттүүмүн…» деп акыркы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого тырышып, күүлөнүп, секирмек болуп, учуп баратты. Миңдеген күйөрмандар толгон стадион эки-үч секундга дымып калды.  Таня каалгып секирип кетээри менен стадион уу-дуу болуп, дүркүрөгөн кол чабуулар жаңырды. Таня таблону караса- 7метр 06 сантиметр деп жазылып турат. Бул-рекорд, бул-жеңиштүү көз ирмем!

Бул- Татьяна Колпаковнанын олимпиадалык алтын медалы эле!!! Ал кубанычтан көзүнө жаш алып, командалаш Таня Скачкого барып, андан ашып кеткени үчүн кечирим сурады. Башкалар кыргызстандык спортчунун бул жоругуна таңгалып турушту. Бул Танянын бийик адамкерчилиги, кең пейилдиги эле. Себеби, украиналык Татьяна Скачко Москва олимпиадасынын алтын медалын утсам, чоң спорт менен коштошсом деп тилек кылып жүргөн. Бирок ал тилегине жетпеди. Спортто кээде ушундай аянычтуу кырдаалдар кездешет. Мыктынын мыктысы гана бийиктикти багындырып, жылдызы жанат.  Бул жеңиш дагы далай мээнет, эмгек менен келди.

Москва олимпиадасынын алдында Т.Колпакованын рекорддору 621 см. башталып, үч жылда 706 см. чейин жетип, ушул кезге чейин Кыргызстанда аны жаңырта алышпады. Бул олимпиадалык чемпиондун алтын медалы Татьяна Колпакованын шыбагасына буюрганы эле. Ага “СССРге эмгек сиңирген спорт чебери” деген ардак наам да ыйгарылган. Ошондой эле “Эл достугу” ордени менен сыйланган. 1981-жылы Бүткүл дүйнөлүк Универсиаданын да чемпиону болгон. 1985-жылы СССР­дин чемпионаты, Кубогунда байгелүү орунду ээлеген. Чоң спорттон кийин машыктыруучу болуп иштеп жүрүп, үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп кетишкен.Анын жубайы да белгилүү жеңил атлетчи Шамил Аббясов. Алардын Екатерина аттуу кызы, Марат жана Тимур деген уулдары да жеңил атлетика менен машыгып, ата-эне жолун жолдошту. Алар Москванын жанындагы Королев шаарында жашап, спорттук мектепте иштеп жүрүшөт.

ХХ кылымдагы эң мыкты жеңил атлетчи деп Т.Колпакова аталып, урмат- сыйдын ээси болду. Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин «Алтын ордени» менен да сыйланган. Ар жыл сайын Бишкек шаарында олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган эл аралык турнир өткөрүлүп келет. Бул мелдеш Борбор Азиядагы олимпиадага жолдомо алуучу бирден бир турнир болуп саналат. 2019-жылы 60 жашка толуп, өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, куттуктап, спорттогу ийгиликтери жаштарга үлгү экенин белгилеген.

   

   

Эскертүү:  Очерк кыскартылып берилди. Кийинки бөлүктө кыргызстандык олимпиада чемпиондору  Александр Блинов, Николай Чернецкий, коло байге ээлери  Сатымкул Жуманазаров жана Александр Абушахмедов тууралуу кеңири баяндалат)

Кабыл Макешов, КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы

 Атайын “Кыргыз тудей” үчүн даярдалды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: