Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев кызматтан кетип жатат. Ал Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалууда. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, ала буга чейин Ысык-Көлгө кеткени белгилүү болгон. Алдын ала маалымат боюнча, ал бүгүн өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерине тааныштырылат.
Азыркы учурда Балбак Түлөбаев өзү бул тууралуу комментарий бере элек.
Балбак Түлөбаев Бишкек мэриясын жетектегенге чейин экс-президент Курманбек Бакиевдин Иш башкармасынын орун басары, гезиттин редактору, “Аюу” арак заводунун директорунун орун басары кызматтарын аркалаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ