Menu

Бекназаров “бизден башка оппозиция жок” дейт

Бөлүшүү:

“Ынтымак” сейил паркында бак олтургузуп жаткан убактылуу өкмөттүн активдүү мүчөлөрүнүн бири, “бульдозер” каймана аты бар Бекназаров “азыркы Президентке бизден башка эч ким оппозиция боло албайт. Кана кимиңер бар, Президенттин ишин сындай алган?” – деп бакылдады. Буга чейин анын уулу Руслан Бекназаров улам бим кызматка секирик жасап кетип бара жатканын эске алсак, Азикебиз өзүнүн доору бүткөнүн билип, эми уулун улам ар кыл саясий соодалашуу менен жиреп бара жатканын билбейт дейсиздерби?

Эске сала кетсек, жакында Президент убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушмак. Жолугушууда Бекназаров оюн ортого салып бакылдадыбы же унчукпай угуп олтура бердиби? Ал тууралуу ачык айтыла элек. Бирок, укканыбызга караганда жалгыз Азикебиз апкаарып, айтчусун айтыптыр. Калганы, аман эле болсун дешти, уккандар. Уялдык дейт.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: