Menu

Садыр Жапаров өзүнө өзү кол салганын айтты. Жактоочулары буга ишенбей жатат

Бөлүшүү:

2-апрелде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров №1 тергөө абагында колунун кан тамыры жана мойнунун күрөө тамыры кесилген абалда табылган. Бишкектеги №47 колониянын ооруканасына жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

5-апрель күнү Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева жана анын жактоочулары маалымат жыйын өткөрүштү. Жактоочуларынын бири Шарабидин Токтосунов бүгүн, 6-апрелде, саат  10:00дө Бишкек шаардык соту Жапаровдун баш коргоо чарасын карай турганын билдирди. Эске салсак, буга чейин 25-март күнү чет жакта жүргөн Садыр Жапаровду чек арадан УКМК кызматкерлери кармап кеткенден кийин, СИЗО-1 тергөө абагына камакка алынган.

Айгүл АСАНБАЕВА, Садыр Жапаровдун жубайы:

“Садыр катуу кысымга алынып атат, өмүрү коркунучта”

-Менин жолдошум Садыр Жапаров жана анын жакындары коомчулуктун колдоосуна муктаж. 2-апрель күнү үй-бүлөбүзгө “Садыр Жапаров колунун кан тамыры, мойнунун күрөө тамыры кесилди” деген суук кабар келди. Садырдын оор абалда жаткан сүрөтү интернет булактарына да тарады. Ошондой абалда №47 колонияга алып барышкан. Анан бизди “абалы жакшы” деп алдашты. 47-колонияга бардык, бизди киргизишкен жок. Эртең менен саат 7де барган жактоочулар 11де араң киришти. Ал жерден чыкканда жактоочулардын өңүн көрүп эле мен баарын түшүндүм. Садыр катуу кысымга алынып атат. Анын өмүрүнө коркунуч келип атат. Мен дагы каякка кайрылаарымды билбей калдым. Кечээ Жаза аткаруу кызматы тараткан видеодо Садырдын кыйналып жатканы көрүнүп турат. Аны менен 25 жыл жашадым, мен анын кандай абалда кандай сүйлөөрүн билем. Садырга жолугуу үчүн тергөөчүгө кат жазгам. Тергөө учурунда жолугушууга уруксат берилбейт деген менен ушундай жагдай болгондон кийин жакындарынан бирөөнө уруксат бериши керек эле.

Динара МЕДЕТОВА, жактоочу:

“Камера тарткан видеону ачыктап коюшса суроо болбойт эле”

-Садыр Жапаровго 2014-жылдагы Саруу окуясы боюнча айып коюлуп жатат. Ошол окуя боюнча камалган балдардын сотуна мен башынан бери катышып келгем. Соттук териштирүүдө Жапаров боюнча сөз болгон эмес. Ошол кезде кармалган балдардын бири Наристе Калчаевдин “Садыр Жапаров бизди уюштурду деп көрсөтмө бер деп мени сабашты, кыйнашты” деген көрсөтмөсү бар. Мунун баарын азыр интернет булактарынан тапса болот. Эмне үчүн мурун бул иш УКМКда тергелип, азыр СИЗО-1 камап алып, башка ведомство тергеп атат. Муну кандай ойлошубуз керек? Бул кызыкдар адамдын буйругу, кысымы деп ойлойбуз. Тергөө кайсы бир адамдын кызыкчылыгынын негизинде бурмаланып жаткандыктан биз ушундай жагдайга жетип атабыз. Бул кысым ким тарабынан экенин ачык айта албайм. Бирок баарыбызга белгилүү. Биз 4-апрелде 47-колониянын жетекчисинин орун басарына киргенибизде ал киши же бизди, же Садыр Нуркожоевичти калпычы” дедиби, айтор, бизди эч тоготкон жок. Биз Садыр Нуркожоевич менен жолугушканда сөзсүз жаныбызда бир кароол карап, сөзүбүздү угуп турат. Эркин сүйлөшөлү деп биз аны чыгара албай койдук.  Негизи мыйзам боюнча жабык мекемелерге киргенде көзөмөлдөп турган кароолдор сөздөр угулбаган, бирок көрүнгөн жерде карап турушу керек эле. Бирок бизде эч мыйзам сакталбай атат. Ал кароолдун көзүнчө биз “Ким кести” деп кантип сурай алабыз. Ал “Тиги же бул кести” деп айткан күндө, биз кеткенден кийин анын коопсуздугуна кепилдик жок болуп атпайбы. Биз киргенде Садыр эки жакты карап корккону билинип атат. Бирок бизге “Мен мойнумду, колумду өзүм кестим” деп айткан жок. “Садыр Жапаров отурган камерада видеокөзөмөл коюлган” деп айтып атышат, эгерде кан тамырын өзү кесип аткан болсо, эмне үчүн ошол видеону эл алдына чыгарып көрсөтүшпөйт? Чындыгында эле видео болсо ачыктап коюшса мынча көп суроо болбойт эле. Биз бул видеокөзөмөл боюнча да кайрылабыз. Азырынча Садыр Жапаровдун коопсуздугу үчүн күрөшүп жатабыз.

Шарабидин ТОКТОСУНОВ, жактоочу:

“Садыр Нуркожоевич бир нерседен чочугандай. Бирок айтпайт…”

-2-апрелде болгон окуядан кийин Жапаровго бизди 4 саат киргизбей кармап турушту. Бизден кийин келген УКМК кызматкерлерин, акыйкат институт кызматкерлерин жана башка адамдарды киргизип жиберишти. Эң акыркы биз кирдик. Киргенибизде Садыр Жапаров өтө оор абалда, титиреп жатыптыр. Биз ага “Эмне болду?” деп кайрылганыбызда, “Мен өзүм, мен өзүм” деген гана сөздөрдү айтты. Себеби, биз менен тиктешип сүйлөшкөнгө чамасы жок эле. Чыкканда айлабыз жогунан жакындарына абалы жакшы экен дедик. Садыр Жапаров буга чейин бизге “Мен үчүн барган балдардын баарын камап, мен үчүн элди кыйнап атат? Эгерде менин көзүм тазаланып кетсе ошол адамдарга зыян болбойт. Ушунча адамды кыйнагыча менин өлүп калганым жакшы” деген сыяктуу сөздөрдү айтып атты. Садыр Нуркожоевич беш маал намаз окуйт. Өз өмүрүнө өзү кол салышы мүмкүн эмес болчу.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы эмне дейт?

Мойнундагы күрөө тамыры, колундагы кан тамыры кесилиптир деген Садыр Жапаровдун абалы боюнча мамлекеттик Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Николай Никсдорф буларды маалымдады. «2-апрелде саат 5:00дө Садыр Жапаров кармалып турган №1 тергөө абагына дарыгерлер чакырылган. Алар Жапаровдун мойнунда жана колунда кесилген жаракат бар экенин аныктап, саат жетиде №47 колониядагы санитардык бөлүккө алып келишкен. Жараттары тигилип, өзүнчө палатага жайгаштырылды. Дарыгерлер анын абалы канааттандырарлык, кан басымы калыбында дешти. Анын жактоочулары менен акыйкатчынын жана атайын прокуратуранын өкүлдөрү кирип чыгышты» деп билдирген маалымат катчы. Аны менен катар эле Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаровду видеого тартып, анын айткандарын коомчулукка жарыялаган. Видеодо Жапаров ЖАМКнын кызматкерлерине нааразычылыгы жок экенин билдирип, эмне үчүн колу менен мойнунун тамырларын кескенин төмөнкүдөй айтып берген. “Менин ден соолугум жакшы. Мен үчүн кабатыр болбогула. Азыр 2 күзөтчү кайтарып отурат. Бул жердеги кызматкерлерге эч кандай нааразычылык жок” деген экс-депутат. Ал эми эмне үчүн мындай кадамга барганы тууралуу “Мен шок абалда болчумун, колума бычак алып өзүмдү кескилегенимди билем. Андан башкасы эсимде жок. Ойгонсом ооруканада экенмин” дейт.

ЖК депутаттары Садыр Жапаров менен жолугуп чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкекте жайгашкан 47-колониянын санитардык бөлүгүндө жаткан Садыр Жапаровдун абалы жакшы деп баалашууда. Бул тууралуу парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы Мирлан Жээнчороев “Азаттыкка” билдирди:

-Садыр Жапаровдун ахыбалы түзүк. Азыр дарыланып жатат. Эч кандай дары-дармекке муктаждыгым жок деди. Эч кимге доо арызым жок деди. Туугандарынын, тарапташтарынын митинг-пикетке чыкпоосун суранып, бизди айтып койгула деди. Бардыгы мыйзамдын алкагында болсун деди. Биз кыйноолор тууралуу сурасак андайлар жок деди. Эч кандай доо арыз жок деди.

Жапаров менен жолугушууга депутат Мирлан Жээнчороев менен бирге “Бир бол” фракциясынын мүчөсү Жаныбек Бакчиев жана “Республика – Ата Журт” фракциясынан Талант Мамытов барышкан.

5-апрелде парламенттин жалпы отурумунда “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Алманбет Шыкмаматов абактагы Жапаровдун абалына көңүл бурууну Жогорку Кеңештин төрагасынан өтүнгөн.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: