Menu

Чубак ажы Жалилов президенттик шайлоого аттанса, баарын жайлайт…

Бөлүшүү:

Башында Чубак ажы Жалиловду күйөрмандары колдоп, муфтийлик орунга атсалышууга сүрөп чыгышат, өзү да макул болуп, бирок марага жакындаганда кайра талапкерлигин алып салды. Динде да саясат бар эмеспи. Кандайдыр бир оюндар болду окшойт. Кызыгы, ал муну менен эле токтолбостон, күздөгү президенттик шайлоого катыша турганын расмий түрдө айтпаса дагы, кандайдыр бир ыгы келген жерден козгоп коюп келет. Эгерде чындап хан таймашка аттанса, анда кыргыз саясатындагы карталар кыйла бузулат. Бүгүнкү күндө билесиңер, динге берилген, өзгөчө Чубак Жалиловду ээрчиген калың электорат бар. Фанаттары «саясатчылар кыйраттыбы? Бизди ажы башкарсын!» деп чыгышса кантесиңер? Кылчайнаш жаралат. Буга чейин бийлик өзү ушундай шартты түзүп берген. Баса, бир кездеги муфтийликтен бийлик башына келген Ахмат Кадыров да Чечен Республикасын башкарып калганы тарыхый факт. Реджеп Эрдоган дагы дин аалымы катары сүрөттөлөт. Мындай фактыларды санай берсе арбын. Аныгында, Кыргызстанда мусулман ышкыбоздор барган сайын көбөйүүдө. Буга чейин интернет-сайттарда, социалдык түйүндөрдө саясатчылар менен кошо Чубак ажынын рейтинги таразаланып, анын алдыга озгонун көргөнбүз. Эмесе, бул оңой жоо эмес. Аягы кандай болот? Кыргызстан «Ислам мамлекетине» айланабы?..

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: