Menu

Кеңешбек Усенов: Күз-кыш мезгилинде депрессияга кабылуу күч алат

Бөлүшүү:

Депрессияга  баткан  эркектер аракеч, кыздар жүдөө болуп кетет экен. Андан кантип арылса болот? Бул  туурасында  Бишкекшаардык психология борборунун директору Кеңешбек  Усенов айтып берет.

Депрессия деген эмне?

Депрессия – кыргызча айтканда көңүл чөгүү. Бул дарт жөнөкөй көрүнгөнү менен өтө оор. Азыр көбүнчө 40 жашка чейинки адамдар депрессияга чалдыгып жатышат. Күнүмдүк турмушун жакшыртууга мүмкүнчүлүгү жетпей, башым, жүрөгүм, омурткам ооруп, чарчап-чаалыгып, уйкум качып, көңүлүм чөгүп жатат деп кайрылгандар көп. Алардын организмин текшерсек, саламаттыгы таза. Менде катуу оору бар деп табып, көзү ачык, экстрасенстерге көрүнүшөт. Алар сага дуба, көз тийиптир деп эмдөөгө аракеттенишет, бирок натыйжа чыкпайт. Ошол себептен азыр адамдардын 20%ы депрессиянын оор абалында турат.

Күндүн нуру күчтүү тийген маалда организмде атайын заттар бөлүнүп чыгат. Ошол заттар депрессияга каршы иммунитетти пайда кылат. Кыш узак болуп күндүн жарыгын азыраак алып, сууктан коркуп үйдө отурабыз. Жылдын мезгили да кандайдыр бир деңгээлде адамдын ден соолугуна таасир берет. Норвегия, Финляндия сыяктуу түндүктө жашаган өлкөлөрдө күн аз тийгендиктен депрессияга чалдыккан адамдардын саны көбүрөөк. Өзүнө-өзү кол салуу депрессияга чалдыккан адамдардын 20 %ын түзөт. Айрым жаштар депрессиядан чыгалбай өлүп жатышат. Ал эми эркектердин көбү депрессия убагында аракка берилет. Жапжаш кыздар чачын да тарагысы келбей, тез чарчап, алы кетет. Бизде депрессия тууралуу түшүнүк аз. Ошондой эле, каражат жок жана атайын адистер жетишсиз. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атайын аныктамасы бар. Ден соолугу чың адамдын адегенде физикалык жактан саламат, экинчиден психикалык абалы жакшы, үчүнчүдөн социалдык жактан камсыз болсо, дени сак деп эсептесе болот дейт. А биз органдарды дарылап жатабыз, социалдык абалды алынча, а психикалык ден соолукка карата көз караш жок. Учурда депрессияны толук дарылоого мүмкүнчүлүк бар. Психиатрга көрүнүү керек десе, “мен эмне, жинди болуп калдымбы?” деп чочулашат.

Белгилери 1300-jpg-pagespeed-ce-mqgdy85wvn

Адегенде турмушка болгон кызыгуу азаят, мурда бир нерсеге кубанып, максат коюп, энергиялуу адам тез эле кайдыгер тартып калат. Турмуштан байыр алуу жоголуп, тамакка табити тартпайт, баш оору, уйкунун бузулушу, ыйлаактык, таарынчаактык, өзүн-өзү күнөөлөө күч алып, өлүмдү самай башташат. Эске тутуу начарлайт, тез унутат. Абдан санаачыл тартып, асан кайгы болуп, болбогон нерсеге туталанып, көңүл ачуучу жерлерге баруудан качат. Көпчүлүккө аралашкысы келбейт. Башы ооруп, омурткасы сыздайт. А биз аны остеохондроз деп дарылап жатабыз. Кээси мойнуна туз уюп калыптыр дешет. Эгер ошол тузду массаж кылса, бир нече убакыттан кийин жеңил сезип калат. Бирок ал кайра эле башталат. Кээси баштын ичинде кан басымым бар дейт. Ушулардын баары депрессиянын белгилери. Кээ бирөө тынч отурса деле кыймылдап, сөөктөрүн кычырата берет. Ал адамда жашыруун депрессия болушу мүмкүн. Эгер ушундай акыбал  эки жумадан ашык созулса, анда дарылануу шарт. Кээде бир-эки жумадан кийин организм депрессияга каршы күрөшүп өтүп кетет. Адам биринчиден өздөрүнүн психикалык ден соолугуна көңүл бурушу керек.

Депрессиядан кантип чыкса болот?

Депрессиядан чыгуу үчүн ар бир адам өзү аракеттенип, таза абада дем алып, күнгө чыгып, жакшы нерсеге алаксып, режим сакташ керек. Эгер ошондо да колунан келбесе, адиске кайрылышы шарт. Мындай адамдарга негативдүү, ызы-чуулуу тасмаларды көрбөй, митинг, пикетке чыкпай, комедия көрүп, жагымдуу, жай музыканы уккула деп айтабыз. Адамдын көңүлүн көтөрө турган чыгармаларды угуп, көрүш керек. Өтө кызыл, кочкул, кара түстөгү өң адамды чарчатат, депрессияны ого бетер күчөтөт. Көгүлтүр, ачык жашыл түстөр көңүлдү көтөрөт. Депрессия учурунда апельсин, алма, курма, банан, ак шоколад жесе, баштагы сиротаминдин иштеп чыгышына жол берет.

Айке Аданбекова

Булак: Де-Факто 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: