Жогорку Кеңештин депутат Азамат Арапбаев өлкөдөгү көйгөйлүү маселенин бирин көтөрүп, Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларындагы орундарды азайтуу талабын койду. Эл өкүлү өз сөзүндө: «Акыркы жылдары медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөндөп кетти. Дарыгерлердин элдерге жасаган мамилеси начар, башкы дарыгерлер ханга окшоп отурушат, ставканы 0,2% кылышкан, пара да алышат. Жаш адистердин айлыктары аз. Эгерде биз аларды каржылай албасак, келгиле анда кыскарталы. Бишкектеги, Оштогу мединституттардагы орундарды азайталы. Эмнеге аларды алдайбыз» – деди. Айтса, айтпаса жалганбы? Саны бар, сапаты жок жайнаган медициналык окуу жайлардын дегеле кереги барбы? Айрыкча жеке менчик медициналык окуу жайлар кимдир бирөөлөрдүн кызылдай эле «бизнеси» болуп атпайбы!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ