Menu

Мал уурулукка шектүүлөр кармалды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 7-декабрь күнү Шамал-Терек айылынын тургундары Өзгөн райондук милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан. Себеби, жайыттан белгисиз адамдар арыздануучулардын малдарын уурдап кетишкендигин билдиришкен. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Өзөн райондук милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында ушул эле айылдын 23 жаштагы Ж.И., Ноокат районунун Өсөр айылынын 20 жаштагы М.М. жана Жапалак айылынын Н. Н. аттуу тургундары кармалышкан.

Ошондой эле, Аксуу районунун ички иштер бөлүмүнө 29-ноябрда Орлиное айылынын 71 жаштагы Ф.Г. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 26-ноябрга караган түнү сарайынан төрт баш кою уурдалганын билдирген. Көрүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде, Аксуу РИИБнин милициянын аймактык ыйгарым өкүлү тарабынан Г.Е. аттуу жергиликтүү тургун кармалып, өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иштери козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайларга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: