Menu

ИИМ: Ок атуучу куралдарды, окторду мыйзамсыз сактаган жарандар кармалды

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 8-декабрь күнү милиция кызматкерлери болжол менен саат 13:40 чамасында Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн жанынан 35 жаштагы Т.М. аттуу жаранга таандык автоунаанын ичин текшеришип, натыйжасында “ПМ-1023” үлгүсүндөгү травматикалык тапанча жана 6 даана огу бар куту табылган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле, Кара-Суу районуна караштуу Ак-Терек жайытынан Кожокелен айылынын 52 жаштагы Ү.М. аттуу жашоочусу 5,6-калибрдеги “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралын жанына алып жүргөн жеринен кармалган. Текшерүү учурунда алынган ок атуучу куралдын тиешелүү документтери жок болуп чыккан.
Ал эми, Ноокен райондук милиция кызматкерлерине Кочкор-Ата шаарынын 16 жаштагы С.А. аттуу тургуну Мурадьяна көчөсүнөн таап алган “МР-654” үлгүсүндөгү газ-травматикалык ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырган.

Ысык-Көл РИИБи тарабынан Чоң-Өрүктү айылынан 32 жаштагы Б.К. аттуу жергиликтүү тургун кармалып, жанынан 28-калибрдеги “ИЖ-18” үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу курал алынган.
Ушуга эле катар, Ош шаарында жайгашкан ишканалардын биринин жанынан 33 жаштагы Ж.Э. аттуу жегиликтүү тургун кармалып, өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан МР-371 үлгүсүндөгү травматикалык ок атуучу курал табылган.
Андан сырткары, Ош облусунун жашоочусу тиешелүү документтери жок ок атуучу куралды өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракет кылган. Аны Ош шаарынын эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын ИИМдин транспорттук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери токтотушкан. 25 жаштагы жаран тапанчасын Москва шаарына алып кетүүнү көздөп, ал аэропорттун көзөмөл өткөрмөсүнөн кирген учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Текшерүү учурунда тетиктери чачылган абалдагы тапанча табылган.
Алынган ок атуучу куралдар, октор тиешелүү экспертизаларга жөнөтүлүп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

ИИМ эскертет: Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү, ошондой эле, куралдардын тетиктерин, окторду жана жарылуучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз даярдоо же оңдоо кылмыш ишинин курамына кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: