Menu

Исаков Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү менен «CARs – 3» Программасынын алкагында унаа жолдорун реконструкциялоо маселесин талкуулады

Бөлүшүү:

Сапар Исаков бүгүн, 12-декабрда, Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү менен Борбор Азиядагы жол каттамдарын жакшыртуу программасынын 3-фазасы («CARs – 3») алкагында Каракол – Балыкчы (Ысык-Көлдүн түштүк жээги) унаа жолдорун реконструкциялоо маселесин талкуулады. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Жолугушууга Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк Банктын кеңсесинин жетекчиси Болормаа Амгабазар жана Дүйнөлүк Банктын транспорттук долбоорунун жетекчиси Кордула Растоги катышты.

Өкмөт башчы Каракол – Балыкчы унаа жолун реконструкциялоо Ысык-Көл облусунун транспорттук каттамын жакшыртууга, өлкөдөгү туризмди туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жана аймактын жол боюндагы инфраструктурасын модернизациялоого мүмкүндүк берээрин өзгөчө белгиледи.

Сапар Исаков Ысык-Көлдүн жээги боюнча заманбап велосипед жолунун болуусуна өзгөчө басым жасады. Премьер-министрдин айтымында, аталган чара велотуризмди жактырган жарандар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк Банктын кеңсесинин жетекчиси Болормаа Амгабазар белгилегендей, аталган унаа жолунун курулушу өлкөнүн туристтик жагымдуулугун арттырууга көмөктөшөт. Ал Ысык-Көлдүн жээги боюнча заманбап велосипед жолун куруу сунушун колдоого алды.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасында Борбор Азиядагы жол каттамдарын жакшыртуу программасынын 3-фазасын («CARs – 3») ишке ашыруу боюнча деталдык консультацияларды өткөрүп турууну макулдашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: