Бизде эле ушундайбы же башка өлкөлөрдө деле барбы ким билсин, дин өкүлдөрү үгүт иштерине активдүү аралашып жатат. Мыйзам боюнча дин өкүлдөрү саясатка аралашканга, өзгөчө үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Бирок иш жүзүндө андай болгон жок. Муфтий баштап, дин аалымдары үгүт иштерине баш-оту менен кирип кетишти. Мына Чубак ажы ачык эле президенттикке талапкерлердин бирөөсүн колдоого чакырып жатат. Бул деген сөз Чубак ажынын электоратын пайдалануу дегенди түшүндүрөт. Добуш алыш үчүн дин менен саясатты жуурулуштуруп, өлкөнүн келечегине кооптуу кырдаал жаратуудан алыс болушубуз керек эле да. Ансыз да акыркы күндөрү дин фанаттары саясий бийликти алганга кыйыр да, ачык да түрдө көз кызартып жатышат. Бизге ушул керекпи? Сириянын тагдырын көксөп жаткандан сообузбу? Ошондуктан талапкерлер арыдан-бери болушу керек…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ