Бүгүн, 28-декабрда, Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин баш коргоо чарасынын мөөнөтүн эки айга жылдырды. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, судья Адылбек Эсенбаев одоно мыйзам бузган. Ал тараптардын катышуусуз мөөнөттү узартып койгон. Бул боюнча адвокат даттануу актын түзгөн.
Эске сала кетсек, 2010-2017-жылдары Зилалиевге Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш ишин козголгон. Ошонун негизинде, 2018-жылдын 8-декабрында УКМК тарабынан камакка алынган. Быйыл, августта тоо-кен тармагында лицензия берүү боюнча «Коррупция» беренеси менен жаңы иш козголгон. Мындай айыптарды четке кагып келет. Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, “Зилалиев мыйзамсыз байыган” деген айып негизсиз, себеби ал кызматтан тұшкөндөн кийин байыган экен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ