Бүгүн, 5-октябрда Опера жана балет театрынын жанында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогондор чогулушууда.
Маалыматка ылайык, 100гө жакын жаран театрда турушат.
Тилек Токтогазиевдин айтымында, акцияга “Бир Бол”, “Республика” жана “Замандаш” сыяктуу партиялардын өкүлдөрү катышуусу керек.
Буга чейин “Ала-Тоо” аянтына “Чоң Казат”, “Мекенчил”, “Социал-демократтар”, “Ордо” жана “Реформа” партияларынын өкүлдөрү чогулушкан, алар да добуш берүүнүн жыйынтыктары менен макул эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ