Menu

Видео – Сыймык Жапыкеев: “Бакиев Кыргызстанды Россиядан эгемендүү кылайын дегенде, ал Россияга жакпайт да, 14 бандитти тукурду, Убактылуу өкмөттүн баарын камаш керек”

Бөлүшүү:

“Мен Бакиевдин жакшы президент болгонун жаздым эле, ошол 3 күндөн бери катуу талкуу болуп жатат. Мен Бакиевчил эмесмин. Бакиевдер көп жаман иш кылган. Свет өчүргөн, тезек тергиле деген… Рысбек ава, Баяман аке анын заманында өлдү. Мен спортсмен элем, Рыспек авага 3 жолу чай куюп берип олтургам, ал бизге 1 жолу чай куюп берип олтурган Чолпон-Атада. Рыспек аванын батасын көп алгам.

Баяман аке менен 1995-жылы Ошто эрежесиз эр урушта таанышкам. Мен бир өзбек мушкерден утулуп калганда Баяман аке менин колума 500 доллар карматып, анан 1000 долларга “Адидас” фирмасынын кийимдерин алып берген… Достор, кеп Рыспекте, Баяманда эмес, алар өлдү, жаман болду. Чоң жоготуу болду.

Бирок азыр мамлекет өлгөнү жатат да. Мени Бакиевчил деп жатпайсыңарбы, Бакиев баарын жасаптыр, жаман болду. Бирок Бакиев мунун баарын өзү билген эмес, мунун баарын анын бир туугандары кылган. Өзү билген эмес, билгенде көп ыйлаган. Мунун баары тарых…

Достор, азыр мамлекет өлгөнү жатат. Биз Россиянын айыл өкмөтү болуп калбадыкпы! Россиясыз эч нерсе чече албай калдык. Бизге эч ким жакшылык каалабайт. Россия да жакшылык каалабайт. Күчтүү Кыргызстандын эч кимге кереги жок. Биз өзүбүзгө өзүбүз эле керекпиз. Мен көп киши менен сүйлөштүм. Убактылуу өкмөттүн баардык мүчөлөрү менен сүйлөшүп чыктым. Текебаевден башкасынын баарын камаш керек. Текебаев жаман конституция жазгансыз! Өзүңүз ошонун курмандыгы болдуңуз.

Азыр мамлекет өлгөнү жатат. Мен Бакиевчил эмесмин, ал жаман иштерди кылган, бирок ал Кыргызстанды эгемен мамлекет кылайын дегенде, Россияга жакпайт да, анан 14 бандитти тукурган…

13 бандит – Убактылуу өкмөт бийликке келери менен уран казууга лицензия беришиптир, Роза Отунбаеванын тууганына беришиптир. Бул Убактылуу өкмөт Кыргызстанга жакшылык каалаган эмес…

Мен Сооронбай Шариповичке эч каршы чыкчу эмесмин, бирок Азимбек Бекназаров боюнча туура эмес болду…

Бүгүн биз эл, Бакиевчил, Атамбаевчил болуп бөлүнүп жатабыз. Ушунун баарын Атамбаев кылды. Кыргызстанды сазга Атамбаев тыкты. СДПК жөн эле бет тырмалык кыла бербегиле. Силердин революцияңар ушуга алып келди…” – деди блогер Сыймык Жапыкеев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: