Тажикстандын Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо, ошондой эле Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрликтери аэропорттордо, темир жол станцияларында жана чек аралардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерде медициналык текшерүү пункттары ачылышы керектигин билдирүүдө.
Мекемелердин сунушуна ылайык, өз мекенине кайтып келген мигранттар тиешелүү медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана өлкөгө киргизилиши керек. «Ушундай жол менен гана булагы катары мигранттар эсептелген жугуштуу оорулардын, анын ичинде ВИЧ менен кургак учуктун алдын алууга мүмкүн. Алар үчүн медициналык текшерүү бекер болушу керек», — деди Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлигинин бөлүм башчысы Усмонали Латифи.
2000-жылдан бери Тажикстанда ВИЧ менен ооруган аялдардын саны көбөйгөн. Иликтөөлөр алар бул ооруну көбүнчө Орусияда иштеп келген күйөөлөрүнөн жуктурушканын көрсөткөн. Алсак, 2012-жылы 1100 аялдын ВИЧ менен ооруй турганы аныкталган.
Тажикстан Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө ВИЧ жугузган 7 миңден ашык киши жашайт. Алардын 14,9 пайызын мигранттар түзөт.
Өлкөгө кайтып келген мигранттарды текшерүүдөн өткөрүү чечимин туура деп эсептеген белгилүү тажик дарыгери Абдулло Давлатов аэропорттордо, темир жол станцияларында жана көзөмөл-өткөрмө бекеттерде медициналык жайларды ачуу түйшүктүү иш экенин жана ага көп акча керектелерин билдирди.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ