Ош-Сары-Таш-Эркештам унаажолуна түшкөн көчкү толугу менен тазанды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
19-майда Ош облусунун Алай районундагы Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 70-чакырымында көлөмү 4000м3болгон жер көчкү түшүп, жолдун бир каттамын тосуп калган. Жолду тазалоого № 959 жол тейлөө ишканасы тарабынан жүктөгүч жана 1 грейдер техникалары тартылып, 2016-жылдын 20-майында жолду тазалоо иштери толугу менен аяктады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ