Menu

Атамбаев чек араны бекемдөөнү тапшырды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы штабдын жетекчиси президентке Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн бекемдөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалымат берди.

Мамлекет башчысы ушул убакка чейин учурдагы чакырыктар менен коркунучтарга каршы турууга жөндөмдүү Куралдуу күчтөрдүн иштиктүү түзүмү жок экендигин белгиледи. Башкы штаб мындан ары да өлкөнүн чек арасын бекемдеп, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга аракет кылышы зарыл.

Президент аскерий жетекчилик тартипти күчөтүп, жоокерлердин өмүрү менен саламаттыгы үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча чаралар көрүлүшү керектигин баса белгиледи.

Бул мамлекет башчысынын КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жаңы жетекчиси менен болгон алгачкы жолугушуусу. Дүйшөнбиев бул кызматка быйылкы жылдын май айында дайындалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: