Президенттик аппараттын, өкмөттүн, парламенттин, сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин киреше-чыгаша декларацияларын текшерүү башталды. Бул коррупцияга каршы күрөш чараларындагы олуттуу компонент. Мамлекеттик кызматчылардын арасында коррупциялык көрүнүштөрдү азайтыш үчүн алардын киреше-чыгашасын иш жүзүндө көзөмөлгө алуу күндүн күрөө тамыры болуп турат. Буга чейин мамлекеттик кызматчылардын декларация толтуруу милдеттенмеси татаалдашып, андагы берилген маалыматтардын тактыгы жана тууралыгы үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөн. 2018-жылдын январынан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин киреше-чыгаша декларацияларын көзөмөлдөө Мамлекеттик кадр кызматынан алынып, Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилген. Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Акрамжан Мадумаров мындан ары киреше-чыгаша декларациялары салык декларациясы менен кошо текшерилип, талдоого алынаарын билдирди.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ