Menu

Кыргызстан Казакстанга өткөрүп берген активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев эки айга камалды

Бөлүшүү:

Кыргызстан Казакстанга өткөрүп берген активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев тергөө аяктаганга чейин эки ай камакта болот. Бул тууралуу анын адвокаты Гүлнара Жуаспаева билдирди.

– Алмалы райондук соту Тунгышбаевди үй камагына алуу чечимин чыгарып, тергөөчү тиешелүү документтерди даярдай баштаган. Бирок прокуратуранын нааразылыгынан кийин ишти шаардык сот карап, Тунгышбаевди эки айга камоо чечими чыгарылды, — деди Жуаспаева.

Анын айтымында, Муратбек Тунгышбаев учурда Алматыдагы Си-18 тергөө абагында камакта. Адвокат активист менен дүйшөмбү күнү жолугууну пландап жатат.

25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдогон. Ал 26-июнда Казакстанга өткөрүлүп берилген.

Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Астана аны бул өлкөдө тыюу салынган, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп эсептейт.

Буга чейин “Human Rights Watch” (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин казакстандык жарандык активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрбөөгө чакырган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: