Menu

Билим берүү тармагына таасир бере албаган министрди иштен алууга мезгил келип жетти

Бөлүшүү:

«Келечек жаштардыкы» – деп төш кагып ачуу кыйкырганыбыз менен мектеп окуучулары жана билим берүү тармагында иштеген кызматкерлер көзөмөлгө алынбай келет. Муну менен Билим берүү министри Кудайбердиева Гульмира айымдын өз ишине шалаакылык кылып жатканы көрүнүп турат.

Мисалга алсак, 10-12 жылдап иштеген райондун жетекчилерин тизгиндей албай келет. Жыл сайын мектеп окуучуларына сынак жарыяланып, облустук, республикалык деңгээлде өткөрүлгөн сынактарда ийгилик жарата албаган райондук билим берүү жетекчилердин кимге кереги бар?! Мына ушундай жетекчилерге акимдер тарабынан иштен алуу боюнча сунуштар жиберилсе да, Кудайбердиева кулак салгысы жок. Жетекчилер ишти акыл менен эмес, акча менен чечип, көпчүлүк ата-энелердин сөзү өтпөй, ыйлап келет. Арасында иш ордуна ичип келгендер, “крышам” Ак үйдө” дегендер да бар. Ал эми укук коргоо органдары тараптан текшерүүлөр жүрсө да, алардын оозун майлап койгон жетекчилер бар. Жогору жактагылар бул маселенин үстүндө иш алып барып, тайраңдаган райондук билим берүү жетекчилерин иштен айдап, ордуна өз ишин мыкты билген жетекчилер келбесе билим берүү системасы кайдан оңолот? Билим берүү тармагына жаңылык киргизе албаган Кудайбердиеванын өзүн иштен алууга убакыт келип жетти! Эгер бул маселе ушул бойдон кала берсе, жакын арада Ажо Жээнбековго кайрылууга аргасыз болушаарын ата-энелер билдирип жатышат.

Булак: Ачык Саясат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: