Menu

Болот Дыйканбаев, коомдук ишмер: «Мен акча албай эле Бабановду колдоп жатам»

Бөлүшүү:

— Болот мырза, сиз да саясатка аралашып жүрөсүз. Шайлоо өнөктүгүндө кайсыл талапкер тарапта болуп атасыз?

— Мен бул шайлоодо Бабанов тараптамын.

— Эмне үчүн Бабанов?

— Биз акыры системаны алмаштырып, жаңы мамлекетти, жаңы заманды тандашыбыз керек да. Алты жыл жашап көрбөдүкпү. Дагы алты жыл ошол эле абал кайталанганын көпчүлүк каалабайт. Анын ичинде мен да бармын. Саясий эрк деген болуш керек.

— Бабановдо саясий эрк барбы?

— Саясий эрк болбосо да артында командасы турат. Саясий эрки бар үчүн өз алдынча аттанып чыкты. Ушуну саясий эрк деп айтат. Кимдир бирөө “Талапкерлигиңди кой, биз колдойбуз” деп айткан жок.

— Бабанов менен Төрөбаев түзгөн тандемди шайлана электе сен президент, мен премьер-министр деп кызматты бөлүп алышты деп сындап жатат. Бул тандемге кандай баа бересиз?

— Бул абдан туура тандем болду. Негизинен эки лидер биригип, өлкөнү өнүктүрөбүз десе, аларга ар кандай жаман сөздөрдү айтып чыкпастан, элибиз азамат экен, эрендер биригишти деп бир гана бата бериш керек. Бириктиби, бириккен жерде береке болот. Жалгыз аттын туягынан чаң чыгабы? Же жалгыз дарак токой болобу? Сооронбай Жээнбеков дагы бирөө менен бир багытты тандап алып бириксе, мен дагы азамат, биригишти деп бата берип олтура берет болчум. Бириккенди көргөндө кубаныш керек. Эч нерсе болбой жатып алдап кетет, таштап кетет дегенди токтотобузбу деги. Биринчи бири-бирин алдап кетсинчи, андан кийин ошондой сөздөрдү айталы. Биригишип жатканда эле кокуйлаган жакшы эмес.

— Сиз Ош облусунда жүрөт экенсиз. Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөн сөзү катуу талкууга түшүп жатат. Ошол жолугушууда сиз да болдуңузбу? Бабанов эмне деп сүйлөгөнүн уктуңузбу?

— Мен бул шайлоодо Бабановду колдоп жүргөн тарапташы катары эмес, жөнөкөй жаран катары айта турган болсом, кыргыз мындай пикирлерге илгери эле “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” деп туура баа берип койгон экен. Бабанов күлүк, жакшы чыгып жатат, эл колдоп кетти эле уйгактар жармаша баштады. Он-Адырдагы жолугушууда мен өзүм ошол жерде болгом. Ал жерде такыр башкача сөз болгон. Милициялар, административдик ресурсту колдонуп жаткан мамлекеттик кызмат адамдары сиздерге кысым көрсөтүп жатат деген сөздөрүн алып салып чыгарып жатышат. Бабановдун айткан сөзү такыр башкача мааниде болгон. Аны болсо кескилеп, такыр башка нукка буруп таратышты. Эгер мен деле президенттикке талапкер болуп чыксам, оруска барсам орус калкым, дунганга барсам дунган калкым деп айтмакмын. Ар бир улуттун өзүнүн аты болуп жаткандан кийин айтасың да. Болбосо, американец деп атап койчу АКШдай мамлекет болсок башка кеп болмок. Кыргызстанда 10 адам патриот болсо, мен ошол он адамдын жок дегенде экинчисинде турсам керек. Мен жасаган ишти патриотмун деп көкүрөгүн каккылап кыйын болуп жаткандар жасай элек. Азыр калп баатырлар күч алып жатат. Ошолордун үйүнө барсаң жакшылап туалет курганды билбейт. Кыйкырса алардан өткөн патриот жок. Кокуй эле кокуй, Бабанов Россияга цемент завод салып койду деп кыйкырышат. Айланайын, Россияга эмес АКШга завод салсын. Бул үчүн сүйүнүшүбүз керек. Кыйкырып жаткандар Кыргызстандын жараны ошол жерге завод салды деп түшүнө албайт. Талаада жүрүп ачка калсаң, ошол ишканага барасың, ал сенин жериң болуп калат.

— Акча менен добушту сатып алуу чырга алып келет деп корккондор бар. Добуш сатып алууну токтотуу колдон келеби?

— Чегирткеден корккон дыйкан эгин экпейт дейт. Чыр чыгат, тополоң болот дей берсе ошондой болуп кетет. Ар кандай сөздөрдү айтып элди коркутпай жөн эле койчу бай болгур. Тандоону элге койгулачы. Кимди тандоону элибиз өзү билет. Бабановдо акча көп, ошон үчүн колдоп жатат деп дүрбөп жатышат. Мунун баары дүрбөлөң түшүп жаткандардын жалган сөзү. Мен акча албай эле Бабановду колдоп жатпаймынбы. Өзгөн эли акчасы жок эле колдоп жатат. Өзгөндө акча берилип жаткан жери жок. Тескерисинче, экинчи тарап акча таркатып кетти. Мунун баары далилденген.

— Иштеп бергениңиз үчүн да тыйын алган жоксузбу?

— Мен эмне үчүн тыйын алышым керек?! Башында эле мага тыйындын кереги жок, мамлекетти өзгөртчү, өзүң айткан өнүгүп келаткан он мамлекеттин арасына кошчу деп айткам. Муну болсо өнүккөн он мамлекеттин катарына кошула албайт деп чыгарышты. Өмүрбек өнүккөн деп айткан жок да, өнүгүп келаткан деп айтып жүрөт. Кыргызча сүйлөгөн сөздү угуш керек да. Бир ит көрүп үрөт, көп ит көрбөй үрөт дегендей болбой, эмне деп сүйлөгөнүн тактап алып сүйлөш керек. Өнүгүп келаткан он мамлекеттин катарына кошом дегени үчүн жаштар өзгөрөлү, алтымыштан ашкан адамдар ак батасын берип үйдө олтурсунчу деп атам.

— Сиз патриот катары өлкөдө тополоң болушун каалабайсыз. Бабанов жеңишке жетпей калса төңкөрүш жасайт экен деп атышат. Ушул кадамын да колдойсузбу?

— Бул карандай калп сөз. Андай планы бар болсо мага айтат болчу да. Өмүрбек өзү “Эгер бул жолу жеңишке жетпесем, кийинкисинде сөзсүз жеңишке жетем” деп айткан. Бул өзүнүн сөзү.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: