“Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фонду “Жылуулук тартуула!” аттуу акциянын алкагында, фонддун тизмесинде турган жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр жеткирип беришти. Бул тууралуу аталган фонддон бүгүн, 23-декабрда билдиришти.
Алардын айтымында, көмүрдөн тышкары, Жайыл психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин каттоосунда турган 200 кишиге жылуу кийим-кече берилген. Кайрымдуулукка каражат жагынан жардамдашкан демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, демөөрчү болууну каалагандарды дагы эле болсо катарына чакырат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ