Menu

Жалдагы чуулгандуу мушташта эки адамды аёосуз сабаган ага-ининин абактагы мөөнөтү узартылды

Бөлүшүү:

Бишкектин Жал кичирайонундагы чуулгандуу мушташта эки адамды катуу сабаган ага-ини Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбековдун абактагы мөөнөтү 31-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.

Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту кечээ, 29-январь күнү чыгарган.

Камактагы Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков тергөө бүткөнчө Бишкектин СИЗО-1 абагында болушат.

Эскерте кетсек, 28-августта Ж.Бапышов менен К.Сейитбеков Бишкек шаарындагы “Жал” кичирайонунда, Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан эки жигитти аеосуз сабап, кийиздей тепкилегени аз келгенсип, аларга келген Тез жардамга да жолтоо болгон видео сентябрда социалдык тармакка тарап, коомчулуктун каргышына калган. Үрөйдү учурган окуя болгон жерге эки мыкаачынын милиция агасы Казыбек Бапышов жетип барып, аларды алып кеткен. Эки зөөкүргө издөө жарыяланган.

6-сентябрда, таң эрте Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков милицияга өздөрү келип, колго түшүп берген. Эртеси, 7-сентябрда алардын бөгөт чарасы Свердлов райондук сотунда каралып, эки айга камакка алынып, СИЗО-1ге киргизилген.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: