Menu

Москва районунда алтын буюмдарды тоноого шектүү жаран кармалды

Бөлүшүү:

Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын 53 жаштагы жашоочусу Ш.В. арыз менен кайрылып, 9-июль күнү Александровка айылындагы соода түйүндөрүнүн биринен 20-25 жаш курактагы азиат улутундагы бала арыз ээсинин колундагы сумкасын жулуп качып кеткенин билдирген. Бул туурасында Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы маалымдайт.

Сумканын ичинде 432 миң сомдук алдын буюмдар болгон. Бул окуя боюнча Москва РИИБнүн тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон. Москва районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмыш изи сууй электе жогорудагы тоноочулукка шектүү делип Панфилов районунун 21 жаштагы жашоочусу А.А. аттуу кармалып, Москва районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: