Menu

Ысык-Көл облусунда жасалма акчаны алмаштырууга аракет көргөндүгү үчүн КМШнын жараны кармалды

Бөлүшүү:

Ысык-Көл РИИБнүн нөөмөт кызматына Бостери айылында жайгашкан акча алмаштыруу жайынын кызматкери кайрылып, 8-июль күнү болжол менен саат 13.00 чамаларында болжолуу 50-55 жаштагы белгисиз европа улутундагы адам 500 номиналындагы 4 данаа, жалпысынан болсо 2000 евро акча каражатын алмаштыргандыгын билдирген. Акчаны алмаштырып жаткан учурда, акча каражаттары жасалма экендигин байкап калган кызматкер, ошол замат райондук милициясына билдирген. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Аталган билдирүү боюнча, Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнө жайкы туристик мезгилде коомдук коопсуздукту сактоого тартылган мобилдик топтун кызматкерлери тарабынан көрүлгөн тез чара иш аракеттердин натыйжасында жасалма акчаларды өткөрүүгө аракет кылган шектүү адам кармалды. Ал 54-жаштагы КМШнын жарааны Л. Валерий болуп чыкты. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары кармалган адамдын өздүгүн изилдөө учурунда, Чүй облустук милициясы тарабынан алдамчылык кылмышы менен издөөдө жүргөндүгү дагы аныкталган.

Жасалма акчаны өткөрүүгө аракет көргөндүгү фактысы боюнча материалдар территориалдык экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: