Таажывирус илдетинин алдын алуу үчүн атайын ачылган эсепке Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери бир күндүк айлык акысын которушат. Бул тууралуу кечээ, 23-мартта аталган агенттиктен билдиришти.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкуловдун жетекчилиги астында өткөн аппараттык жыйында коронавирустун жайылып кетпөөсүнө карата иш-чараларды каржылоо үчүн атайын эсепке мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин бир күндүк айлык акысын которуп берүү чечими кабыл алынган.
Учурда өлкөдө таажывирус илдети менен 16 адам жабыркап жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ