Menu

Тажикстанда «Мусулман агайыңдар» тобунун мүчөсү деп шектелгендердин иши сотто карала баштады

Бөлүшүү:

Тажикстандын Жогорку сотунда «Мусулман агайыңдар» («Ихвон-ул-муслимин») эл аралык террордук тобуна мүчө деп айыпталып жаткан 116 шектүүнүн иши карала баштады.

Соттолуучулардын 114ү Тажикстандын, экөө Египеттин жарандары. Отурум жабык өтүүдө.

Башкы прокуратурадагы өз булактардын маалыматына караганда, кылмыш иши сотко эки жума мурда жөнөтүлгөн. «Соттолуучулар «Террордук мүнөздөгү кылмыштарды каржылоо», «Экстремисттик ишмердүүлүккө чакырык жасоо жана экстремизмди актоо», «Экстремисттик топ түзүү» жана «Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу» беренелери боюнча айыпталууда. Алар күнөөлүү деп табылса 12 жылга чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн», — деди булак.

Соттолуучулардын адвокаттары менен жакындары кылмыш иши «жашыруун» экенин айтып, комментарий берүүдөн баш тартышты.

Тажикстанда «Мусулман агайыңдар» кыймылынын мүчөсү деген шек менен адамдарды кармоо быйыл январдын башында башталган. Кармалгандардын арасында жогорку окуу жайларынын 20 окутуучусу менен кызматкерлери, ошондой эле Исфара шаардык аткаруу бийлигинин өкүлдөрү да бар.

Тажикстанда «Мусулман агайыңдар» кыймылынын ишмердүүлүгүнө 2006-жылы тыюу салынган. 2016-жылы бул уюмга тиешеси бар жана өспүрүмдөрдү Сириядагы согушка азгырган деген шек менен өлкөнүн түндүгүндө беш имам кармалып, ар бири беш жылдан эрктеринен ажыратылган.

«Мусулман агайыңдар» – эл аралык диний-саясий уюм, 1928-жылы Египетте түптөлгөн. Бир нече өлкөдө мыйзамдуу саясий күч болуп саналып, парламентте өкүлдөрү бар. Ошол эле маалда бир катар өлкөлөрдө бул уюмга тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: